РФ Мамлекеттик думасынын дагы бир депутаты Кыргызстандын ички ишине кийлигишти
Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын дагы бир депутаты Кыргызстандын ички ишине кийлигишкен билдирүүсүн таратты. Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Новиков Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргыз тилине которуш керек деген сунушун сынга алган.