Добавить новость

Мигранттар укугун коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?

Мигранттар укугун коргогон Чупик Өзбекстанга өткөрүлөбү?

Орусияда мигранттардын укугун коргогон Валентина Чупик 25-сентбярда Москванын Шереметьево аэропортунан кармалды. Өзбекстандын жараны Чупик Армениядан учуп келгенден кийин ага чек арадан кирүүгө 2051-жылга чейин тыюу салынганын айтышкан.

Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик Өзбекстандын жараны. Ал 1990-жылдары Орусияга барып, качкын макамын алган. Өткөн ишембиде Армениядан учуп келгенден кийин чек арадан токтотуп, качкын макамынан ажыраганы тууралуу билдирме берип, 30 жыл Орусияга кирүүгө тыюу салынганын айтышкан.

Чупик кармалганын тууралуу кабарлап, чек арадан берилген документтин фото көчүрмөсүн жөнөтүүгө үлгүргөн. Бирок андан кийин аны менен менен байланыш үзүлгөн.

Дүйшөмбүдө "Настоящее время" телеканалы укук коргоочу менен байланышып, анын абалын сураган. Укук коргоочу аэропорттон кандайча кармалганын айтып берди.

Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын айтып берген.

"Мага берилген документтерде мен [2006-жылы] качкын макамын алуу үчүн кайрылганымда [орус бийлигине] жалган маалыматты же жасалма документтерди бергеним айтылат элек. Мен муну толугу менен нонсенс (акылга сыйгыс)деп эсептейм", - деди Чупик.

Ал өзүнүн кармалышына борбор азиялык мигранттардын укугун коргогону жана Орусиянын миграция мекемелерин жана полициясын коррупцияга айыптаган сөздөрү себеп болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Мени атайын кармоочу жайга алып келип, ФСБнын бир кызматкери мени менен сүйлөштү. Ал эмне үчүн мындай болгонун такыр түшүнбөгөнүн айтып таң калды. Бирок кийин башка бирөө келип, "Бул сиздин жүрүм -турумуңузга байланыштуу" деди. "Сиз Ички иштер министрлигинде системалуу коррупция бар деп айткансыз, дайыма мигранттардын укугун коргоп жүрөсүз. Ал эми Москванын, Санкт-Петербургдун полиция кызматкерлеринин баары сизге арызданышат" деп айтты".

Ал абалы канааттандырарлык экенин, эки күндөн бери ал отурган бөлмөнүн жарыгын өчүрбөй коюшканын, бүгүн гана жарыкты өчүрүшүп, көзү бир аз эс алганын айтты. Учурда Чупик өзү жалгыз бир бөлмөдө отурат. Жакын арада Өзбекстанга депортацияланса, ал жакта кыйноого кабыларын жашырган жок.

"Менимче, мен Өзбекстанга жөнөтүлө турган болсом, мени дароо Улуттук коопсуздук кызматынын жер төлөөсүнө камашат жана ал жерде акыры өлтүрүп коюшат", - деди укук коргоочу.

Валентина Чупиктин мындай кооптонуусунун жөнү бар. Анткени мындан көп жыл мурун Өзбекстандагы кысымдан, коркутуулардан качып, Орусияда баш калка сураган. 2015-жылы Өзбекстанда бийлик алмашканда "мекенине кайтам" деп дилгирленген Чупик эми өлкөсүнө депортацияланышы мүмкүн.

"2015-жылы бийлик алмашкандан кийин Өзбекстанга кетериме терең ишенгем. Эч качан Орусиянын жараны болгум келген эмес, дайыма мигранттарды укугун коргойм дегем. Мекениме эми жөнөйм дегенде, ал жакта "өлтүрүп кетиши мүмкүн" деп айтышты. Ошондон кийин токтоп калдым. Эми азыр барсам, анда абдан кооптуу нерсе болуп кетеби деп корком",-дейт Чупик.

Аны менен Москвада чогуу иштешкен кыргызстандык юрист Гулиза Акматсияева Чупикти мигранттардын укугун коргоого келгенде ичкен ашын жерге койгон кесипкөй деп сыпаттады.

"Мен Валентина Чупик менен ыктыярчы болуп иштешкем. Ал ишин абдан жакшы билген профессионал. Миграция мыйзамдарын тыкыр билет. Мен аны менен иштешип чоң тажрыйба алганыма кубанычтамын. Чын эле Валентинадан көп нерсе үйрөндүм, ага ыраазымын. Бирок мындай кеспкөй кишини табыш кыйын эми",-дейт кыргызстандык Гулиза.

Ал ортодо дүйшөмбүдө Валентина чупиктин Москвада жашаган 84 жаштагы апасынын үйүндө полиция тинтүү жүргүзүп жатканы кабарланды. Бул тууралуу Чупиктин санаалашы Александр Ким "Новая газета" басылмасына билдирди.

"Валентинанын батиринде анын 84 жаштагы оорулуу апасы жашайт. Ал жерге полиция кызматкери келип тинтүү жүргүзүп жатат. Алар Валентинанын документтерин сурап жатышат".

Ал ошондой эле апасы өзү баса албарын жана адвокаты жок экенин эскертти.

"Тонг Жахони" уюмунун юристи Чолпон Сатибаева Валентина Чупиктин 84 жаштагы апасы Любовь Коденцова менен байланышканын, бирок үйдү тинтигени келген полиция кызматкерлеринен кооптонуп жатканын "Азаттыкка" айтып берди. 

"Мен Валентина Чупик 24-сентябрда кармалгандан бери апасы менен байланышта турдум. Анын майыптыгы бар. Биз короосун жаппай эшикти ачык турсун дегенбиз. Ошондон пайдаланып полиция кызматкерлери кенен текшерип, бир нерсе издешиптир. Бирок эмне документ издегени белгисиз. Биз Валентинанын санаалаштары, анын батирине бир нерселерди таштап, жалаа жабылбасын деп кооптонуп турабыз."

Валентина Чупик Орусиядагы эмгек мигранттарына акысыз жардам көрсөтүүчү "Тонг Жахони" (Дүйнө таңы) уюмун көптөн бери жетектеп келет. Укук коргоочунун кесиптештери ал жарандык активдүүлүгү менен орус бийлигине жакпай калды деген пикирде.

Алар да Москва Чупикти Ташкентке кайтарса, куугунтукка жана кыйноого кабылышы ыктымал деп кооптонуп жатышат. Андыктар алар укук коргоочуну үчүнчү өлкөгө чыгаруу зарылдыгын белгилешүүдө.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Москве, в Московской области и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Москве

Ria.city

В селе Каринское Одинцовского округа установят новое освещение

Путь возможностей: семейные центры помогают подросткам преодолевать трудности и строить будущее

МИД: диалога по безопасности с США не будет без пересмотра антироссийской линии

Делали селфи на фоне стихии и пострадали от молнии. Как вести себя в непогоду

Музыкальные новости

Российские флаги снова вывесили на матче Евро-2024 между Англией и Сербией

В аэропорту Пулково задержали девять рейсов и отменили еще два

Кинопродюсер.

В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады

Новости Москвы

Единый оператор северного завоза будет действовать в пилотном режиме на Чукотке с сентября

В Москве пройдет конференция «Вместе медиа. Рост»

Центробанк России повысил курс доллара до 87,96 рубля

Строительная готовность школы в «Южной Битце» Ленинского округа — 72%

Экология в Москве

Фрукт с сюрпризом: доктор Кутушов рассказал, чем опасен съеденный червь

PREMIER проведет фестиваль «Лето PREMIER» по всей России

Почти 1000 человек приняли участие в «МедЗабеге»

Где реально можно купаться летом в Москве и Подмосковье: 8 пляжей которые оборудованы для летнего отдыха

Спорт в Москве

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP

Россиянка Людмила Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосе

Овечкин, Яковлев, Фридзон и Мыскина сыграли в падел-теннис в Турции: «Победила дружба»

Москва на Moscow.media

Приморье. Взгляд.

Николаю Николаевичу Дроздову сегодня исполнилось 87 лет!

Mishel Dar и его главный хит лета: «Лети»

Суд освободил по УДО трех экс-сотрудников ИК-6, осужденных за пытки











Топ новостей на этот час в Москве и Московской области

Rss.plus






В Долгопрудном можно бесплатно проверить здоровье

В Москве пройдет конференция «Вместе медиа. Рост»

Путь возможностей: семейные центры помогают подросткам преодолевать трудности и строить будущее

Строительная готовность школы в «Южной Битце» Ленинского округа — 72%