Добавить новость
Другие новости Москвы и Московской области на этот час
Добавь свою новость бесплатно - здесь

Чет өлкөдөгүлөр үчүн шайлоо боюнча мобилдик топтор иштей баштады

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык шайлоочулар үчүн мобилдик топтор парламенттик шайлоого байланыштуу маалымат берип баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Орусия, Европанын айрым өлкөлөрү, Түркия жана АКШда бир нече мобилдик топ 23-сентябрдан 15-октябрга чейин иштейт.



Мобилдик топтор алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун даректери жана саны, жарандарды консулдук каттоого алуу, биометрикалык каттоодон өткөрүү маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.



21-сентябрдан тартып мобилдик топтор Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларында кыргызстандык шайлоочулар менен жолукту. 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин Тюмен, Томск, Хабаровск, Казан, Самара, Краснодар шаарларында жолугушуулар пландалган.


Ошондой эле, Италиянын Рим жана Кальяри шаарларында 28-сентябрга чейин мобилдик топтор иштейт. 1-октябрдан 10-октябрга чейин Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарларында шайлоочуларга маалымат берилет.


АКШнын Нью-Йорк, Чикаго калааларында жашаган кыргызстандыктарга да жолугушуулар уюштуруларын БШК кабарлады.



Бул демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Германия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда.



Парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо быйыл, 28-ноябрда өтөт. 54 депутат Жогорку Кеңешке пропорционалдык - саясий партиялардын тизмеси менен, 36 депутат мажоритардык - бир мандаттуу система менен шайланат. (BCh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Москве

Ria.city
Музыкальные новости
Новости Москвы
Экология в Москве
Спорт в Москве
Москва на Moscow.media










Топ новостей на этот час в Москве и Московской области

Rss.plus