Бишкек – Москва багыты боюнча авиакаттам көбөйөт
![Бишкек – Москва багыты боюнча авиакаттам көбөйөт](https://gdb.rferl.org/2BE02301-7312-4C58-A604-D43695EBF436_w800_h450.jpg)
8-февралдан тартып Бишкек – Москва багыты боюнча «Авиа Траффик Компани» жана «Аэрофлот-орус авиалиниялары» компаниялары жумасына үч жолудан каттайт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул алты каттам туруктуу болорун жана кыргызстандыктар Москвага үзгүлтүксүз уча алышарын билдирди.
Бишкек – Москва авиакаттамынын санын көбөйтүү маселеси Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси менен Орусиянын өкмөтүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында чечилди.
Ошондой эле Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташып калгандыгы да себеп болду. (BTo)