Сирияда учактын кыйрашына "Жаиш ал-Ислам" тобу жоопкерчилик алды
Сириянын аймагында орус учагынын кулашы үчүн жоопкерчиликти бул өлкөдөгү исламчыл топ - "Жаиш ал-Ислам" өзүнө алды. Бул аталыш кыргызча "Ислам армиясы" деген маанини берет.
Ливандык "Ад-Дияр" басылмасы 7-мартта президент Башар Асадга каршы күрөшкөн бул топтун билдирүүсүн басып чыкты. Алар орус аскер базасында учак кулап, 39 кишинин өмүрүн кыйылган кырсык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын билдиришкен. Расмий Москва буга чейин кырсыкты техникалык себептен болду деп божомолдогон.
Сирияда орусиялык жүк ташыган учак 6-мартта кыйраган.
"Жаиш ал-Ислам" азыр катуу салгылашуу жүрүп жаткан чыгыш Гутадагы топ. Соңку кезде алар өкмөт жана анын шериктештеринин колунан жүздөгөн кишисин жоготкон. Орусия Башар Асадды колдогон негизги шериктештеринин бири.