Сирияда учактын кыйрашына "Жаиш ал-Ислам" жоопкерчилик алды
Орус учагын кулашы үчүн жоопкерчиликти Сириядагы исламчыл топ - "Жаиш ал-Ислам" өзүнө алды. Бул аталыш кыргызча "Ислам армиясы" деген маанини берет.
Ливандык Ад-Дияр басылмасы 7-мартта президент Башар Ассадга каршы күрөшкөн бул топтун билдирүүсүн басып чыкты. Алар орус аскер базасында учак кулап, 39 кишинин өмүрүн кыйылган кырсык үчүн жоопкерчиликти өзүнө алганын билдиришкен. Расмий Москва буга чейин кырсыкты техникалык себептен болду деп божомолдогон.
Сирияда орусиялык жүк ташыган учак 6-мартта кыйраган.
"Жаиш аль-Ислам" азыр катуу салгылашуулар жүрүп жаткан чыгыш Гутададагы топ. Соңку кезде алар өкмөт жана анын шериктештеринин колунан жүздөгөн кишисин жоготкон. Орусия Башар Ассадды колдогон негизги шериктештеринин бири.