Блумберг: АКШнын Сириядагы соккусунан орусиялык жалданма жоочулар мерт болду
"Блумберг" алардын көбү орусиялык жалданма жоочулар болгонун жазат. Ал эми Вашингтондун расмий өкүлү чабуулда 100дөй жоокер курман болуп, 200дөн ашууну жаракат алганын билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул тууралуу комментарий берип жатып, "Биз Сирия армиясына колдоо көрсөтүү үчүн ал жакта жүргөн Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери тууралуу гана маалымат бере алабыз. Сириядагы башка орусиялыктар үчүн жооп бере албайбыз", - деди.
Путин АКШ президенти Доналд Трамп менен дүйшөмбүдө телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бирок Сирия маселеси талкууланган эмес.
Буга чейин Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалга да орусиялык жалданма жоочулар тартылганы айтылып келген. Москва мындай маалыматтарды четке каккан.