Евробиримдик орусиялык 351 депутатка санкция салды
![Евробиримдик орусиялык 351 депутатка санкция салды](https://gdb.rferl.org/c3750000-0aff-0242-f338-08d9f07cc69f_w800_h450.jpg)
23-февралда Европа Биримдиги Орусиянын өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактардын “көз карандысыздыгын” таануусуна жооп катары санкциялар пакетин кабыл алды.
Биримдиктин катчылыгынын сайтында жазылгандай, санкцияга аталган аймактарды таануу тууралуу президент Владимир Путиндин кайрылуусуна добуш берген Орусиянын Мамлекеттик думасынын 351 депутатына жана жогорку даражалуу 27 аткаминер илинди. Алардын ичинде өкмөт мүчөлөрү, аскердик кызматкерлер, бизнесмендер жана башкалар бар.
Санкция алардын Евробиримдикке киришине жана аймак аркылуу өтүүсүнө тыюу салат, уюмга мүчө мамлекеттердеги активдери камакка алынат, банктарда эсеп ача албайт. Мындан сырткары бул чара Украинанын Донецк жана Луганск облустарына товар ташып кирүү жана ташып чыгууга чектөө коёт.
Европа Биримдиги зарыл болсо, уюмдагы өлкөлөр мындан дагы катаал саясий жана экономикалык санкцияларды кабыл алууга даяр экенин кабарлады.
21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды.
Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду.
Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.
2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)