Добавить новость
Другие новости Киева и Киевской области на этот час
Добавь свою новость бесплатно - здесь

Киев "киберчабуулдар" үчүн орусиялык чалгын кызматын айыптайт

Украина Орусияны «киберчабуул» үчүн айыптады. Расмий Киев ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырды деп шек кылууда.


Украинанын коопсуздук кызматы өкмөттүк жашыруун маалыматтарды уурдоого багытталган орус хакерлеринин «кеңири өлчөмдөгү киберчабуулун токтоткону» тууралуу жарыялады.




Украин атайын кызматы бул киберчабуулду Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп айыптоодо. Бул тууралуу украин коопсуздук кызматы 16-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" барагында жарыялады. 


Расмий Киевдин жоромолуна караганда, ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ Украинага каршы ири виртуалдык чабуулду жүзөгө ашырган сыяктанат.


Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоонуу Кеңешинин катчысынын орун басары Сергей Демедюк бул киберчабуулдарды Украинада орусиячыл депутаттар Виктор Медведчук менен Тарас Козакка салынган санкциялар менен байланыштырган.


«Чабуулдар саат сайын белгилүү бир ыргакта жасалып жатты. Кээ бири чабуулдарга бөгөт кылчу санариптик буйрукту атайлап алаксытуу үчүн жасалды», – деген Демедюк хакерлер сайттарды өчүрүүгө жана документтер сакталган ресурстарга вирус киргизүүгө аракет кылышканын белгилеген.


Орусия тарап бул соңку айыптоолорго азырынча жооп бере элек.


Буга чейин да Киев Орусияны «гибриддик согуштун» алкагында бир нече ири киберчабуулдарды уюштурду деп айыптаган.


Февралда Украинанын Коопсуздук жана Коргоо министрликтеринин расмий интернет барактарына Орусиянын аймагындагы белгисиз интернет ресурстардан киберчабуулдар жасалганы маалымдалган.


Бирок ал учурда расмий Москва мындай дооматты четке каккан болчу.




Февралдын башында Украинада Улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңешинин чечими менен «112 Украина», «ZiK» жана «NewsOne» телеканалдарына санкциялар салынып, алардын берүүлөрүн Украинада обого чыгаруу токтотулган.




Телеканалдардын ээси катары Жогорку Раданын депутаты Тарас Козак башкарып келген, бирок алардын чыныгы кожоюну – «Оппозициялык платформа - Өмүр үчүн» партиясынын лидери Виктор Медведчук экени айтылып келет.


Медведчук өз кезегинде Москвага тез-тез каттап, Кремлдеги байланыштарын жашырбагандыгы үчүн элде "Путиндин жоролошу" («кум Путина») деп каймана аталып калган.




Украинанын президенти Владимир Зеленский  Орусияга байланыштуу сыналгы каналдарга санкция салынышын «баскынчы өлкө каржылаган үгүткө каршы күрөш»  ыкмасы катары негиздеген.


Расмий Кремл мындай чечимди сынга алган.  Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков санкциялар «эл аралык норма менен стандарттарга да, маалымат эркиндиги тууралуу түшүнүктөргө да туура келбейт» деп  белгилеген.


Кийин Украинада санкциялар Виктор Медведчукка карата киргизилип, анын жана жакындарынын банк эсептери, турак жай мүлктөрү камакка алынган.


Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо Кеңеши Медведчуктун каржылык иштери «Донбасста терроризмди каржылоо» деген шек менен текшерилип жатканын кабарлаган.




2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралына аскерлерин киргизип, зомбулук менен каратып алгандан бери Киев менен Москванын алакасы чыңалып турат.




Москва дазыркы тапта деле Украинанын чыгышындагы өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары» деп атап алган, украин өкмөтүнө каршы согушуп жаткан орусиячыл жикчилдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.


Орусия Донбасстагы жикчилдерди акча, курал-жарак берип жана машыктырып жатканын тастыктаган мол далилдерге карабастан,  Кремл муну бир канча жолу танган.


Украинанын чыгышындагы 2014-жылдын апрелинен берки уруштардын айынан  13,000ден ашуун киши набыт кетти.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Киеве, в Киевской области и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Киеве

Ria.city

Потеря Угледара может усилить давление на Киев – Bloomberg

Инсайдеры выдали, когда Байден даст Киеву зелёный свет на удары вглубь России

Дело экс-нардепа и бывшего кандидата в президенты Корнацкого САП передает в суд

Киев использует Молдавию как перевалочный пункт для исламских террористов

Музыкальные новости

«Нельзя терять эту девочку»: Нюша рассказала о личностях внутри себя

Путин пошутил, что взял кофе в парке «Руднево» в кредит

Destiny 2 is adding new maps and factions to the superb Onslaught mode next week, but Bungie confirms no new 'shiny' weapons

Сотрудники Росгвардии, дислоцированные на территории комплекса «Байконур», приняли участие в товарищеском матче по мини-футболу

Новости России

Киев подтверждает отход остатков войск из Угледара и переход города под контроль ВС РФ

Киев использует Молдавию как перевалочный пункт для исламских террористов

Просувайте сайт на новий рівень за допомогою якісних крауд-посилань

Франция хочет усилить контроль ЕС над предоставленными Киеву деньгами

Экология в России и мире

«Ингосстрах» и «Будь Здоров» помогут подопечным фонда «Онкологика»

Команда сервисного локомотивного депо «Вологда» филиала «Северный» ООО «ЛокоТех-Сервис» стала серебряным призёром турнира по мини-футболу «Рабочее первенство»

На Сейшелы - слушать песни китов

Токсиколог Кутушов рассказал, как не запутаться в витаминах D и D3

Спорт в России и мире

Хачанов обыграл Черундоло и вышел в четвертьфинал турнира ATP в Пекине

Даниил Медведев стал первым полуфиналистом турнира ATP-500 в Пекине

Медведев пожаловался на применение Hawk Eye на турнире ATP в Пекине

Арина Соболенко вышла в четвертьфинал турнира WTA 1000 в Пекине

Moscow.media

Из реки около моста выловили тело мужчины

Завод весового оборудования | Импортозамещение весового оборудования

StarLine: Умный комфорт в твоих руках!

Социальный фонд оказывает помощь эвакуированным жителям Курской области











Топ новостей на этот час в Киеве и Киевской области

Rss.plus






Объем поставок снарядов для ВСУ в рамках чешской инициативы сократился вдвое

AP: США могут разрешить Киеву бить вглубь России после президентских выборов

Расписание поездов МЦД-4, Горьковского и Киевского направлений МЖД изменится 5-7 октября

Просувайте сайт на новий рівень за допомогою якісних крауд-посилань