Ош облусунун ички иштер башкармалыгы аялын жана кайненесин сабаган деп шек саналып жаткан 35 жаштагы адам Кара-Суу райондук сотунун чечими менен жети суткага камакка алынганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 30-ноябрда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Мады айыл аймагынын 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 29-ноябрда күйөө баласы сабаганын айткан. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган. Читать дальше...
Цивилизациянын эң бараандуу жетишкендиктеринин бири катары поюз ХХ кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында өзгөчө мааниге ээ.
Сирияны 50 жылдан ашуун башкарган Асад үй-бүлөсүнүн режими кулады. Башар Асад өзү Москвадан башпаанек алды. Эки жуманын ичинде чагылгандай тездик менен чабуул коюп, баш калаа Дамаскка көзөмөлүн орноткондор ким? Асаддын бийлигин кулаткан топтордун жана радикал күчтөрдүн катарында борбор азиялыктар барбы? Эми Сириянын тагдыры эмне болот? Асадды колдоп келген орус президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы негизги таянычынан ажырадыбы? Ушул жана башка суроолорго Азаттыктын “Биз жана дүйнө” берүүсүндө жооп издейбиз.