Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орусияда Шойгунун мурдагы орун басары 19 жылга соттолду

Орусияда 235-горнизондук аскер соту коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Поповду "Патриот" паркынын курулушуна байланыштуу коррупция боюнча айыптап, 19 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Мындан сырткары Поповдун генерал-полковник наамы, мамлекеттик сыйлыктары соттун чечими менен алынып, 85 млн рубл айып пул салынды.

РБК басылмасы 69 жаштагы айыпталуучу соттук териштирүүгө видеобайланыш аркылуу катышканын, ден соолугуна байланыштуу өкүм окулуп жатканда ордунан турбай, отуруп турууга уруксат берилгенин жазды. Попов тагылган айыпты мойнуна алган жок. Сот отуруму жабык өттү.

Попов Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык, жасалмалоо, мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүү жана өзгөчө ири өлчөмдөгү пара алуу деген беренелеринин негизинде айыпталууда.

Тергөөнүн материалында айтылгандай, ал он жыл Москвада министрликке тийиштүү батирде акысыз жашаган жана коррупциялык жол менен алынган Lexus LX570 үлгүдөгү машинаны айдап жүргөн. “Патриот” эс алуу жайынын курулушунда ашыкча акча көрсөтүп, 25 млн рубль уурдаганы, андан ашырган акчасына эки кабат үй, мончо куруп алганы белгиленген. Мындан сырткары тергөө Попов 2014-2024-жылдар аралыгында "Бамстройпуть" компаниясынын директорунан жалпы суммасы 45 млн рубль пара алган деп белгилеген.

Ал он жылдан ашуун убакыт мурдагы коргоо министри Сергей Шойгунун орун басары болуп келген. 2024-жылы Попов кызматтан алынып, эки айдан кийин камакка алынган.

"Агентство" басылмасы "Бамстройпуть" Шойгунун көзөмөл алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин подрядчы компаниясы болгонун жазган. Бул иште Шойгунун командасындагы башка дагы кишилер, орун басарлары Руслан Цаликов, Тимур Иванов, министрликтин кадр башкармалыгынын башчысы Юрий Куйнецов дагы бар. Алар мамлекеттин акчасын уурдоого жана пара алууга айыпталууда.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus