"Кылым шамы" укук коргоо борбору Кыргызстанда пикири үчүн камалгандардын ишин кайра кароого чакырды. Уюм канча адамды эркинен ажыраттырган сот өкүмүнө негиз болгон Улуттук илимдер академиясынын "эксперттеринин корутундусу" канчалык мыйзамдуу болгон деген маселеге көңүл бурду.