Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Израил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду, көптөгөн киши каза тапты

Израилдин аскерлери (ЦАХАЛ) Ливанга жаңжал башталгандан бери эң кубаттуу чабуул койду. Тегеран колдогон «Хезболла» радикал тобу Иран менен АКШ атышпоо тууралуу макулдашкандан кийин Израилдин түндүк тарабына соккуларын токтоткону менен өлкөнүн бир нече аймагы бутага алынды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жана башка маалымат каражаттары жазышты.

Израилдин армиясы жакшылап координацияланган операция учурунда 10 мүнөттүн ичинде «Хезболланын» Ливандын борбору Бейруттагы, Бекаа өрөөнүндөгү жана өлкө түштүгүндөгү 100дөн ашуун командалык пунктуна сокку урганын билдирди. Маалымат каражаттары Ливандын башкалаасын калың түтүн каптаганын, катуу жарылуулар болгонун жазууда.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги ондогон киши каза тапканын жана жүздөгөнү жараланганын билдирди. Бейрутта канжалаган, жаракат алган кишилер жакын жердеги ооруканаларга жөнөшкөнүн Рейтерге күбөлөрдүн бири сүрөттөп берди.

Маалыматтарга караганда, ооруканалар толуп калды, урандылардын астында адамдар кала берүүдө.

Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху ок атууну 15 күнгө токтотуу чечими Ливанга жайылбайт деп билдирген.

Мындай позиция арачы түшкөн Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шарифтин сөздөрүнө каршы келет. Ал АКШ менен Ирандын убактылуу жарашуу макулдашуусуна Ливан дагы кирерин айткан.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иран менен АКШ ортосундагы атышууну токтотуу макулдашуусун кубаттап, ошол эле маалда Ливандагы оор кырдаалга көңүл бурган жана келишимге ал өлкөнү да камтуу зарылдыгын белгилеген.

2-мартта ливандык “Хезболла” Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын" айтып, Израилди аткылоого киришкен. Ошондон бери ЦАХАЛ кошуна өлкөнүн түштүгүнө жана Бейруттун эл жыш жашаган конуштарына сокку урууда. Израилдин бийлиги согушкерлердин жайларын бутага алганын айтат.

Ошондон бери Ливанда 1500дөн ашуун киши, арасында 130 бала набыт болду. Бир миллиондон көп киши, же өлкө калкынын ар бир бешинчиси жер которууга мажбур болду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus