Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Жетимиш бешчилердин" иши боюнча саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов камалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт башаламандыкка айыптап кармаган саясатчылар арасында саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов да бар.
Биринчи Май райондук соту 6-апрель күнү анын да бөгөт чарасын карап, 10-июнга чейин камакта калтырган. Бул убакта ал Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Бакытбек Жумагуловдун аты президенттик шайлоо өткөрүү боюнча 75 адам кол койгон кайрылууда жок. Ал кандай жагдайда бул иш боюнча шектелип жатканы, качан кармалганы тууралуу буга чейин коомчулукка маалымат берилген эмес.
ИИМ 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмү (Массалык башаламандыктар) менен кылмыш иши козголгон.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 75 адамдын кайрылуусуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгонгон. Кийин ал “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан. Кармалган саясатчылар да мына ушул кайрылууга кол койгондор.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынган.

Садыр Жапаров 13-февралда “Кабарга” курган маегинде алардын кайрылуусун бөлүп-жаруу катары мүнөздөгөн.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus