Ирандын расмий өкүлдөрү жана маалымат каражаттары 6-7-апрель күндөрү Тегеран, Исфахан, Ахваз жана башка бир катар шаарлар абадан соккуга кабылганын билдирди. Баш калаадагы Мехрабад аэропорту жайгашкан жерде асманга коюу түтүн көтөрүлүп жатканы социалдык тармактардагы видеолордо көрүнүп турат.