Иранга бир нече сокку урулду, Тегеран коңшу өлкөлөргө эскертүү берди
АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга койгон мөөнөт жакындап калганда чакта Иран аймагында бир катар объектилер абадан соккуга дуушар болду. Чабуул стратегиялык мааниге ээ Харк аралына да коюлду. Ал аркылуу өлкөнүн мунай экспортунун болжол менен 90% жөнөтүлөт.
7-апрелде Тегеран шаарында жарылуулар угулуп, абадан коргонуу системалары иштеп жатканы маалымдалды.
Ошондой эле соккулар Тебриз–Зенжан жолундагы ири көпүрөлөргө жана Кум шаарына жакын аймактарга да жасалганы кабарланды. Бирок бул маалыматтарды көз карандысыз булактар азырынча тастыктай элек.
Чабуулдардан кийин Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу кескин билдирүү жасап, эгер АКШ “кызыл сызыктардан” өтсө, аймактагы америкалык жана ага союздаш өлкөлөрдүн объектилерине сокку уруларын эскертти.
Ошондой эле Иран Перс булуңундагы АКШнын өнөктөштөрүнө да ачык эскертүү берди. Буга чейин кошуна өлкөлөргө карата “коңшулук мамиледен улам” карманып келген чектөөлөр эми алынганын билдирип, бул мамлекеттер да түздөн түз бутага айланышы мүмкүн экенин белгиледи.
Бул Ирандын позициясы өзгөргөнүн көрсөтөт. Буга чейин Тегеран аймактагы айрым объектилерге сокку урганы менен ал мамлекеттерди түз душман катары атаган эмес.
Маалыматтарга караганда, Тегерандын борборундагы тарыхый синагога да соккуга кабылды.
6-апрелде Ак үйдөгү басма сөз жыйынында Дональд Трамп стратегиялык мааниге ээ Ормуз кысыгы толук ачылбаса Иранга "көргүлүктү көрсөтөрүн" дагы бир ирет эскерткен.
Дүйшөмбү күнү Тегеран Вашингтондун Пакистан ортомчулугу аркылуу берилген сунушун четке какты. Иран согушту толук жана таптакыр токтотууну гана колдой турганын белгиледи.
Жооп катары, IRNA агенттиги кабарлагандай, Иран 10 пункттан турган өз шарттарын сунуштады. Алардын ичинде аймактагы согуш аракеттерин толук токтотуу, Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз кеме жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча протоколдорду киргизүү, бардык санкцияларды толук алып салуу жана согуштан кийинки калыбына келтирүү чаралары бар.