Кыргызстан Германия менен дипломаттарга визасыз режим боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда
Кыргызстандын дипломатиялык жана кызматтык паспорту барларды Германияга атайын миссия менен же жеке максатта барган учурда визалык талаптардан бошотуу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында билдирди.
Ал бул маселе немис тарап менен жолугушууда бир нече жолу көтөрүлгөнүн, бирок аны чечүү эмнеге созулуп жатканы белгисиз экенин билдирди.
"Бул биздин артыкчылыктуу маселебиз, актуалдуу. ТИМ дагы бул маселени коюуда, менин сүйлөй турган текстимде дагы биринчи ушул турат. Бирок эмне үчүн алар бербей жатат деген суроого мен жооп бере албайм, анткени алар мага айтпайт. Алар маселени карайбыз дейт, бирок эмнеге созуп жатканын, тилекке каршы, мага айтышкан жок", - деди элчи.
Мунун алдында депутат Гуля Кожокулова визасыз режим маселеси чечилбей жаткан себебин сураган.
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Кыргызстан Европа биримдигине кирген 27 өлкөнүн 10дон ашууну менен ушундай макулдашууга кол койгонун белгиледи. Ал Германия дагы башка Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Текебаев 2022-жылдан бери Германиядан түз инвестиция 2,5 эсе өскөнүн, туризм багытында кызматташтык күчөгөнүн билдирди.
ЖК комитети 7-апрелде Швейцариядагы жана Германиядагы элчиликтердин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту.
Дипломатиялык, кызматтык паспорттор алардын ээлеринин эки өлкө аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
Дүйнөдөгү паспорттор индексине ылайык, 2026-жылга карата Кыргызстандын жарандары 59 өлкөгө визасыз каттай алат. (КЕ)