Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ошто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголду

Ош шаардык милициясы жеке мектептеги мугалим менен окуучунун апасынын ортосундагы пикир келишпестик боюнча эки кылмыш ишин козгогонун билдирди.

9-мартта Оштогу “Юниум” жеке менчик мектептин мугалими милицияга арыз менен кайрылып, 1-класстын окуучусунун апасы аша кол көтөргөнүн билдирген. Ошол эле күнү экинчи тараптан да арыз түшүп, мугалимдин үстүнөн даттанган.

Шаардык милиция окуучунун апасынын күч колдонгону жана мугалимдин окуучуларга ырайымсыз мамиле жасаганы, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары болгону аныкталганын билдирди. Бул боюнча видео материалдар алынганын жана сотко өткөрүлүп берилерин тактады.

Мугалимге карата Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо, эми окуучунун апасына 280-берененин 1-бөлүгү (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Окуучулардын ата-энелери мугалимге кол көтөргөн, тилдеп урушкан учурлар Кыргызстанда буга чейин да катталган.

16-февралда Бишкекте мектеп окуучусу 69 жаштагы мугалимге кол көтөрүп, улгайган курактагы агай ооруканага жаткырылган.

Агартуу министрлиги жыл башында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Ошол эле учурда мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн окуялар да аз эмес. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus