Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстан Орусиядан шарп ылаңына каршы 4,5 млн доза вакцина сатып алат

Кыргызстан Орусиядан шарп ылаңына каршы жалпысынан 4,5 млн доза вакцияна сатып алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Орусиянын Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл орусиялык илимий-изилдөө институту шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцина алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Аны жакын арада алып келишери белгиленди.

Мындан сырткары быйыл жай мезгилинин аягына чейин малды масштабдуу эмдөө үчүн кошумча 3,5 миллион доза алып келүү пландалууда.

Бул тууралу макулдашуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жетектеген делегация Орусиянын Владимир шаарындагы Ветеринария жана фитосанитария боюнча федералдык кызматына караштуу Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл орусиялык илимий-изилдөө институтуна барган учурда жетишилди.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы институттун ишмердүүлүгү, илимий-өндүрүштүк базалары, вакциналарды жана ветеринардык препараттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча заманбап технологиялары менен таанышты. Айрыкча жаныбарлардын кооптуу ылаңдарын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча лабораториялардын ишине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушууда тараптар аймактагы учурдагы эпизоотиялык көйгөйлөрдү, аны турукташтыруу жана алдын алуу чараларын көрүүнү талкуулашты.

Соңку айларда Орусияда "пастереллез жуккан" деп малды өлтүрүп, тарпын өрттөп жаткан видеолор тарай баштады. Казакстан өзүндө тараган ылаңды ринотрахеит деп атаган.

Орусиядагы эпизоотиялык кырдаалга байланыштуу Казакстан коңшусунун бир катар аймактарынан тирүү мал жана эт азыктарын алып өтүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Малдын ылаңы соңку айларда Кыргызстанда да күч алган. Айрым депутаттар анын белгилери шарптыкына окшош экенин айтып, парламентте бир канча жолу бул маселени көтөрүшкөн. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө шарп катталбаганын, эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирип келет. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus