Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Токмокто жалгыз адамды көптөп сабаган үч киши кармалды

Токмок шаарындагы машине оңдоочу жайлардын биринин жанында жалгыз адамды көптөп сабап жатышкан адамдар тартылган тасма боюнча Чүй милициясы маалымат берди.
3-апрелде социалдык тармактарда автоунаа жолунун боюнда 2-3 адам бир кишини жерге жаткарып алып сабап атканы тартылган видео тараган.
Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, 3-апрель күнү саат 13:26 чамасында Токмок милициясына шаардык ооруканадан Чүй облусунун Мээнеткеч айылынын тургуну 1983-жылы туулган, Ж.Н. аттуу жаран денесиндеги жаракаттары менен медициналык жардам сурап кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Ж.Н. Токмок шаарынын 3-кичи районундагы устакананын алдында автоунаасы менен токтоп турган. Ошол маалда 2001-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран «BMW» үлгүсүндөгү автоунаасы менен келип, туура эмес токтоп, башка унааларга жолтоо кылган. Бир адам туура токтотууну эскерткенде Ж.М. газ педалын катуу басып, жээктеги майда таштар унааларга чачырап кеткен. Бул окуядан улам Ж.Н. менен Ж.М. ортосунда чыр чыккан жана ортодо мушташ болгон", - деп билдирди милиция.

БМВнын айдоочусу, маалыматка караганда, таш менен урганда Ж.Н. кулап калган, ошого карабай аны уруп-тепкилегенде сол колунун чыканагы чыгып кеткен. Анда да токтоп калбай БМВнын айдоочусу эки тууганын - 1996-жылы туулган А.А. жана 1988-жылы туулган Ж.С. атту жарандарды чакырып, алар менен чогуу дагы сабаган.

Милиция окуянын бардык катышуучуларына соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирүүдө. Кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат жок.
Териштирүүнүн жыйынтыгына жараша ар бирине укуктук баа берилери, мыйзам чегинде чечим кабыл алынары кабарланды.
Айдоочуларды жолдо бири-бирине кол көтөрүп, өкүмзордук көрсөткөнү үчүн жоопкерчиликке тартып, 10 миң сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору жакында коомдук талкууга чыгарылган. Бул укук бузуу бир жыл ичинде кайра кайталанса жарандын айдоочулук укугу жарым жылга чектелет.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы соңку күндөрү жолдо унаа айдоочулары чатакташканы тууралуу маалымат таратып, аларды сабырдуулукка чакырып жатат. Айрым учурлар боюнча кылмыш иши козголгону кабарланган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus