Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ: Жаңы айдоочулук күбөлүк Европада таанылбай жатканы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2025-жылкы үлгүдөгү улуттук айдоочулук күбөлүгүн легалдаштыруу жана чет мамлекеттерди дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер аркылуу маалымдоо боюнча комплекстүү иш жүргүзгөнүн маалымдады.

ТИМдин басма сөз кызматы 3-апрелде кабарлагандай, Кыргызстандын жаңы улуттук айдоочулук күбөлүгү чет өлкөлөрдө таанылбай жатканы тууралуу министрликтин дарегине расмий кайрылуу же даттануу болгон эмес.
"Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү таанылбай жатат деген маалыматтар расмий тастыктамага ээ эмес жана чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий билдирүүлөрүнө негизделбейт. Ошол эле учурда министрлик Европа бирлигинин талаптары, анын ичинде Code 95 белгисинин болушу, айдоочулардын кесиптик ишмердүүлүгүнө кирүүгө байланыштуу экенин белгилейт. Ушуга байланыштуу айрым Европа бирлигине мүчө мамлекеттерде Code 95 алуу, кошумча окуудан өтүү же күбөлүктү алмаштыруу зарылдыгы айдоочулардын кесиптик квалификациясына коюлган талаптар жана тиешелүү өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү менен шартталат", - деп билдирди мекеме.

Code 95 — жүк жана жүргүнчүлөрдү коммерциялык негизде ташуу үчүн милдеттүү окуудан өткөнүн тастыктаган, кесипкөй айдоочу катары иштөөгө уруксат берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелген, Европа бирлигинде бекитилген белги.

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн колдонуу жана (же) алмаштыруу Евробиримдикке мүчө конкреттүү бир мамлекеттин улуттук мыйзамдары аркылуу жөнгө салынары, андай күбөлүктөр биримдикте жалпы таанылбасы кошумча белгиленди. Айрым учурда аларды алмаштыруу үчүн теориялык жана (же) практикалык сынак тапшыруу талап кылынат. Бул талаптар Евробиримдикке кирбеген бардык мамлекеттердин жарандарына тиешелүү.

ТИМ Евробиримдик аймагында иштөөнү пландаштырып жаткан кыргызстандыктарды барган өлкөнүн мыйзам талаптарын эске алууга чакырды.
Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүк Вена конвенциясынын айрым жоболоруна дал келбестиги, акыркы варианттагы күбөлүктү Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр тааныбай жатканы тууралуу маалыматтар алгач соцтармактарда тарап, андан кийин маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Парламент жыйынында президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк Европанын айрым өлкөлөрүндө таанылбай жатканын четке кагып, маселе бир гана жеке ишкана документти кабыл албай койгонунан чыкканын билдирген. Ал айдоочулук күбөлүк бардык талаптарга жооп берерин жана бардык өлкөлөр тааный турганын кошумчалаган.
Айдоочулук күбөлүк берүүдөгү реформанын алкагында ушул жылдын январь айынын орто ченинен тартып жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштаган. Анын мурдагы күбөлүк менен көрүнүшү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң. Күбөлүктү басып чыгаруу, реформа кылуу иши менен Президенттин иш башкармасы алектенип жатат.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus