Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ошто мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча милиция териштирүү баштады

Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган баланын апасы мугалимге кол көтөргөн окуя боюнча калаа милициясы териштирүү баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 3-апрелде маалымдады.

Башталгыч класстардын мугалими окуучусунун апасы кол көтөргөнү тартылган тасманы соцтармактагы баракчасына жарыялады. Мугалим мындай “мамилеге” окуучу баланы сабактан кийин анын коопсуздугу үчүн сыртка чыгарбай койгону үчүн туш болгонун жазды.

"Биз ар күнү бала мектептен чыгып чуркап кетпесин деп аларды класска киргиле дейбиз. Мектеп шаардын ортосунда жайгашкан. Эгер бала көчөгө чуркап кетсе жоопкерчилик ата-энеге жүктөлөт. Натыйжада мен баласынын коопсуздугуна кам көргөнүм үчүн анын апасы мени башыма уруп кетти", - деп жазды ал.

Мугалим бул окуя боюнча милицияга кайрылган. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы комментарий бере элек.

Окуучулардын ата-энелери мугалимге кол көтөргөн, тилдеп урушкан учурлар Кыргызстанда буга чейин да катталган.

Быйыл, мисалы, 16-февралда Бишкекте мектеп окуучусу 69 жаштагы мугалимге кол көтөрүп, улгайган курактагы агай ооруканага жаткырылган.

Агартуу министрлиги жыл башында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Ошол эле учурда мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн окуялар да аз эмес. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.

Жети-Өгүз районунда дене тарбия мугалими сабак учурунда өспүрүм балдарга кол көтөрүп "тарбиялап" жатканы тартылган тасма интернетке тараган соң мугалим балдардын ата-энелеринен кечирим сураган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus