Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкекте акыркы эки айда скутерден 34 адам жаракат алды

Бишкек шаарында февраль, март айларында скутердин айынан 30 жол кырсыгы катталып, 34 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы скутер, электр чыгырыгы (самокат) катышы менен болгон жол кырсыктары улам көбөйүп жаткандыктан бул маселе жакында Бишкекте форумда талкууланарын билдирди. Форумга скутер, самокат сүйүүчүлөр жана колдонуучулар да чакырылат. Иш-чаранын алкагында жолдогу коопсуздук маселеси, мопед, скутер жана электр чыгырык айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин сактоо жана кырсыктарды азайтуу жөнүндө талкуу болот.
Форумга Кыргызстанда жеткирүү кызматы менен алектенген Яндекс, Glovo, Namba Food компаниялары, укук коргоо органдарынын жана башка тийиштүү тармактардын жетекчилери да чакырылган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы скутердин айынан 1015 жол кырсыгы болуп, андан 39 адам каза тапкан.

ЖКККББ скутер айдагандар катышкан жол кырсыктары жылдан жылга көбөйүп баратканын белгилөөдө.
Министрлер кабинети скутерди, мопедди механикалык транспорт каражатына теңеп, аларды айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алууга милдеттендирүүнү сунуштап, Жогорку Кеңеш 11-мартта мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Былтыр Бишкекте активисттер, шаар тургундары электр чыгырыктарын колдонууга, ижарага берүүгө тыюу салууну талап кылып чыгышкан. Алар калаа мэриясына, шаардык кеңештин депутаттарына, УКМКга, ИИМге жана коомчулукка кайрылуу жолдоп, административдик жана эгер адамдын ден соолугуна зыян келтирсе кылмыш жазасына тартууну талап кылышкан.
Скутер айдоочулар көбүнчө Бишкекте жеткирүү кызматында иштешет. Ушул тапта скутер айдоого күбөлүк талап кылынбайт. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus