Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Трамп Иран ок атышууну токтотууну суранганын билдирди

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран ок атышууну токтотууну суранганын билдирди.
Ал 1-апрелде өзүнүн Truth Social платформасына «Ирандын жаңы режиминин президенти АКШдан ок атышууну токтотууну азыр эле суранды!» деп жазды.
«Биз Ормуз кысыгы ачык, эркин жана коопсуз болгондо карап чыгабыз. Ага чейин биз Иранды толугу менен талкалайбыз же, алар айткандай, таш дооруна кайтарабыз!!!» - деп кошумчалады ал.

Бул билдирүүлөргө Иран бийлигинен азырынча жооп боло элек.
Буга чейин, 31-мартта Дональд Трамп Иран менен болгон согуш «эки-үч жуманын ичинде аяктарын» айткан.
Ошондой эле ал Франция жана башка өлкөлөр, анын ичинде Кытай, Ормуз кысыгынан өтүү маселесинде «өздөрүн өздөрү коргоого мажбур болорун» белгилеген. Бул кысыкты 28-февралдан бери АКШ жана Израиль тарабынан жасалган соккуларга жооп иретинде Иран жарым-жартылай жаап турат.
Ал арада Ирандын президенти Масуд Пезешкиян Тегеран белгилүү шарттар аткарылган учурда АКШ жана Израиль менен согушту токтотууга «эрки жетиштүү» экенин айткан.
Айрымдар Пезешкиян расмий кызмат ордуна карабастан, Иран жетекчилигинде негизги чечим кабыл алуучу фигура эмес деп эскертишет. Ошого карабай, анын билдирүүлөрү АКШдагы каржы базарларына оң таасир берип, мунайдын баасынын төмөндөшүнө алып келди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 31-мартта «Al Jazeera» телеканалына берген маегинде АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффтон билдирүүлөрдү алып жатканын, бирок бул «сүйлөшүүлөр жүрүп жатат» дегенди билдирбей турганын айтты.
.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus