Темирболот Абыкеев Ала-Бука районуна аким болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров Руслан Айтбаевди Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотуп, ордуна Баткен шаарынын мурдагы мэри Темирболот Абыкеевди аким кылып дайындады.
42 жаштагы Темирболот Абыкеев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин бир тууган иниси. Ал 2025-жылы февраль айында Баткен шаарынын мэри болуп дайындалып, ушул эле жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен. Былтыр Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо № 29 шайлоо округунан талапкер болуп катышкан.
2024-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны "Кара-Суунун акими болуп турганда ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган" деген айып менен кармаган. Ошол эле жылдын август айында Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулган.
Өзү атайын кызмат козгогон кылмыш иши эмне менен бүткөнү тууралуу комментарий бере элек. Агасы Чолпонбек Абыкеев инисине коюлган айыптардын далили жок болгондуктан акталганын айткан. (BTo)