Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк боюнча түшүндүрмө берилди

Мамлекеттик мекемелер 31-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк боюнча түшүндүрмө беришти.

“Учкун” мамлекеттик ишканасынын директору Бакытбек Султанов айдоочулук күбөлүк жаңы технологияны колдонуу менен 34 коргоо элементи кошулуп жасалганын, аны бардык өлкөлөр тааный турганын айтты.

Президенттин иш башкармасынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов Кыргызстан жаңы күбөлүктү басып чыгарардан мурун дүйнөлүк стандарт талап кылган бардык техникалык талаптарды сактаганын, ал бардык мамлекетте таанылышы керектигин билдирди.

“Бул айдоочулук күбөлүктү Европа эле эмес Кыргызстанды мамлекет катары тааныган бардык өлкөлөр кабыл алып, тааныйт”, - деди ал.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев документтер, анын ичинде айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү башка мамлекеттерге кандай тартип менен жиберилерин айтып берди:

“Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык каналдар аркылуу дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге жаңы айдоочулук күбөлүктүн үлгүсүн жиберген. 32 элчилик, 10 башкы консулдук аркылуу үлгүлөр жиберилген. Муну ТИМ эки этап менен жүргүзгөн. Биринчиден, электрондук форматта үлгүлөрдү таратканбыз. Экинчиден, физикалык түрдө да бардык мамлекеттердин укук коргоо органдарына жиберилген”.

Айдоочулук күбөлүктү берүүдөгү реформанын алкагында ушул жылдын январь айынын орто ченинен тарта жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштаган. Анын мурдагы күбөлүк менен өңү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң.

Айрым кыргызстандыктар жаңы күбөлүктү айрым Европа өлкөлөрү тааныбай жатканын айтып, арызданышууда. (BTo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus