Соңку жылдары сыртта жашап келаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылуу жасады. Ал Бишкектеги өзүнө тиешелүү болгон "Томми Молл" соода борбору Камчыбек Ташиевдин аялына жакын адамдарга өтө арзан баада берилип кеткенин жазды. Буга байланыштуу жагдайды акыйкат текшерүүгө чакырды.