Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нобелди алган авторлордун "Кууш өтмөк" эмгегинин бет ачары өтөт

Нобел сыйлыгынын лауреаттары, экономисттер Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун "Кууш өтмөк" китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

Китептин бет ачары бүгүн, 26-мартта "Ала-Тоо" эл аралык университетинде өтөт. Муну менен катар "Ала-Тоо" басма үйүнүн тушоосу кесилет.

Уюштуруучулар "Ала-Тоо" басма үйү кыргыз тилин өнүктүрүү, китеп окуу маданиятын калыптандыруу жана Кыргызстандын дүйнөлүк интеллектуалдык мейкиндикке интеграцияланышына багытталган иштерди жүргүзө турганын кабарлашты.

Иш-чара панелдик талкуу жана атайын маданий программа менен коштолуп, парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий жана маданий коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

"Кууш өтмөк" - "Ала-Тоо" жана Bugu басма үйлөрүнүн биргеликте чыгарылган алгачкы китеби.

Анда дүйнөдөгү мамлекеттерге демократия жана авторитаризм кандай таасир этери, жарандык коом менен бийлик тар жолдо катар басканда кандай ийгиликке жетип, бири озуп, бири артта калганда кандай кесепеттер болору кылдат талданган.

Китепти кыргызчага Айнуру Булекбаева которгон.

Bugu басма үйү буга чейин Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун "Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?" (Why nations fail) китебин кыргызчага которгон.

2024-жылы авторлордун бул эмгегине Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы ыйгарылган.

Ажемоглу жана Робинсон - институционалдык экономиканын негизги изилдөөчүлөрү. 2021-жылы алардын китебин "акыркы 50 жылда экономиканы жана саясатты анализдеген олуттуу эмгек" деп баалаган. (ST)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus