Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Экс-депутат Шаирбек Ташиев ИИМде күбө катары суралып жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде (ИИМ) күбө катары суралууда. Бул тууралуу Ташиевдин тарапташы Орозбек Осмонов 26-мартта Фейсбуктагы өз баракчасына жазды.

"Акыркы күндөрү Ташиев Шаирбек ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат", - деп жазды ал.

Осмонов Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупциялык схемага байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суралып жатканын "Азаттыкка" ырастады.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары милициядагы өз булактарына таянып экс-депутат сурак берип жатканын жазышкан.

Ушул эле күнү Улуттук банктын мурдагы башчысы Мелис Тургунбаев "Кыргызнефтегаз" боюнча сурак берип, кармалганы кабарланды.

ИИМ азырынча Шаирбек Ташиевдин суралышы боюнча расмий маалымат бере элек.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошол окуядан кийин өлкөдө бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болуп, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.

Дээрлик бир ай чет өлкөдө жүргөн УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев 19-мартта Бишкекке келип, ИИМдин Тергөө кызматында эки иш боюнча сурак берген. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus