Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Камактагы Равшан Жээнбеков УКМК, ЖАМК боюнча атайын комиссия түзүүнү суранды

Бүгүн, 25-мартта "Кемпир-Абад иши" боюнча Бишкек шаардык сотунда отурум болду. Анда бул ишке байланыштуу кармалып, кийин акталган Равшан Жээнбеков кыргыз бийлигине кайрылды. Анда оппозициячыл саясатчы өзүнүн камалышы саясий чечим болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигине атайын комиссия түзүү керек деген кайрылуусун айтты.
"Мен ойлойм, эгер УКМКда реформа боло турган болсо, бул президент үчүн аябай жакшы мүмкүнчүлүк. Жарандык коомду, оппозицияны пайдаланууга убакыт келди. Ошондуктан, саясий негизде камалгандардын баары эркиндикке чыгышы керек. УКМКнын, Жазаларды аткаруу кызматынын ичиндеги акыркы жылдардагы адам укугу боюнча маселелердин бардыгын атайын комиссия түзүп, президент иликтеп чыкса жакшы болмок. Анткени УКМКнын, Жазаларды аткаруу кызматынын ичинде адам укуктары бузулган көптөгөн учурлар болууда".
Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине катуу сын айтып, ал колундагы бийликти ашыкча пайдаланып жатканын айтып келген.
2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2020-жылы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу эркиндикке чыккан.

2025-жылдын 3-июнунда Кой-Таш ишине байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери камакта отурат.
Жээнбековго Кемпир-Абад иши боюнча да айып тагылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган. Ишке "жашыруун" грифи берилген.
2024-жылдын 14-июнунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталган. Бирок, прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде иш кайра Бишкек шаардык сотунда 1 жыл 8 айдан бери каралууда.(KS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus