Орусия Ирандагы Бушер АЭСинен кызматкерлерин чыгарып жатат
Орусиянын өзөктүк энергия мекемеси – "Росатомдун" башчысы Ирандын Бушер АЭСиндеги кырдаал "опурталдуу" болуп баратканын жана ал жактагы орусиялык кызматкерлердин саны кескин кыскартылып жатканын билдирди. Рейтер кабарлагандай, Алексей Лихачев "Росатом" эвакуациянын үчүнчү баскычын баштап, 25-мартта эртең менен бир топ станцияны калтырып кеткенин, дагы эки топ жакын арада чыгарыларын айтты.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик 24-мартта билдиргендей, Тегеран аларды АЭСке дүрмөт тийгенинен кабардар кылган.
Орусия Бушердеги ишкананы куруп, суюк отун менен камсыздап, иштетип келатат жана акыркы кезде аны кеңейтүүгө киришкен. Былтыркы жылдын маалыматы боюнча АЭСте эмгектенгендердин 20 пайызы орусиялык адистер болчу.
Лихачев да Бушер согуштук аракеттер маалында жабыркаганын айтты.
Ирандын маалымат каражаттары эч кандай каржылык, техникалык зыян тийбегенин, жоготуулар болбогонун жазышууда.
Бушер АЭСи бутага алынганы тууралуу маалыматтар ушуну менен экинчи жолу чыкты.
Батыш Тегеран атомдук курал жасоонун үстүнөн иштеп жатканын айтып келатат. Ислам жумурияты бул чөйрөдөгү программасы тынч максаттарды көздөгөнүн кайталап жүрөт.
Израил менен АКШ 28-февралда Иранга каршы чабуул баштаганда ал өлкөнүн өзөктүк дараметин азайтууну да көздөшкөнүн билдиришкен.