Кыргызстанда сертификациялоочу эксперттердин жоопкерчилиги күчөтүлөт
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) сертификациялоочу эксперттердин жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскертти.
25-мартта жарыяланган маалыматка ылайык, бул аракет Министрлер кабинетинин "Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) карата талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн тастыктоо органын, компетенттүүлүгүн тастыктоо тартибин, ошондой эле сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтомунун негизинде ишке ашырылууда.
Аталган токтомго ылайык, сертификациялоочу эксперт тарабынан продукциянын шайкештигин тастыктоочу белгилүү эрежелер жана жол-жоболор бузулганы аныкталса, эксперттин өзүнүн компетенттүүлүк сертификаты убактылуу токтотулат же күчүн жоготот.
Эксперттин өзүнүн сертификаты эгер ал: акыркы эки жыл ичинде ал каттаган декларациялар жараксыз деп табылганда, акыркы бир жыл ичинде эксперт кол койгон документтер жөнүндө маалымат болбосо, эксперт инспекциялык көзөмөлдөн же кезексиз баалоодон өтүүдөн баш тартса, ыйгарым укуктуу органдарга жалган маалымат, жасалма документтерди берсе, күчүн толук жоготот.
Экономика жана коммерция министрлиги бул талаптар продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле шайкештикти баалоонун улуттук системасына ишенимди жогорулатууга багытталганын белгилөөдө.
Кыргызстанда продукцияга берилүүчү декларацияны "Кыргызстандарт" мекемеси берет, ал эми шайкештик сертификатын берүү укугуна 25 орган ээ, анын арасында жеке жана мамлекеттик ишканалар бар.
Орусия жана Казакстан Кыргызстандан ташылып барган товарларды шайкештик сертификаты ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт деген жүйө менен чек арадан өткөрүлбөй артка кайтарган же конфискациялаган учурлар арбын катталып жүрөт.(ZKo)