АКШ Иранга согушту токтотуу боюнча 15 пункттан турган план жибергени кабарланды
АКШ Иранга согушту токтотуунун 15 пункттан турган планын жибергенин израилдик 12-канал жана The New York Times 25-мартта эки аткаминерге шилтеме берип кабарлады.
Вашингтон бул маалыматты ырастап же четке каккан жок. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран менен акыркы күндөрдө сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген. Тегеран муну четке каккан.
Израилдик 12-каналдын маалыматына караганда, документте Иран өзөктүк курал менен уранды байытуудан баш тартып, байытылган урандын корун жана бардык маалыматты Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттикке өткөрүп бериши керек, Натанз, Исфахан жана Фордодогу өзөктүк объектилерин жок кылып, аффилирленген топторду каржылоону токтотушу, Ормуз кысыгын ачып, ракета учурууну чектеши, алардын аралыгын кыскартышы, аны коргонуу максатында гана колдонушу керек деген талаптар кымталган. Аталган канал кошумчалагандай, ирандык чиновниктер бул план менен канчалык кеңири тааныш экени, Иран менен Израил аны сүйлөшүү үчүн негиз катары кабыл алабы, жокпу, азырынча беймаалым. Бирок Иранга бул документтин берилгени Трамптын администрациясы согушту токтотуу аракетин күчөткөнүн билдирет.
The New York Times басылмасы билдиргендей, АКШ менен Ирандын ортосундагы маанилүү ортомчу Пакистандын аскердик кол башчысы Асим Мунир болгон. Ал 2025-жылы эки жолу Трамп менен жолугушканы белгилүү. Фельдмаршал Мунир Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен тыгыз байланышы бар экени айтылды, бул катташ ага тирешип жаткан тараптардын талабын бири-бирине жеткирүүдө жардам берген.
The Wall Street Journal өз булактарына таянып, сакчылар корпусу АКШга бир топ талаптарды койгонун жазды. Анын ичинде Перс булуңунагы америкалык бардык аскердик базаларды жабуу, Иранга кол салуу үчүн репарация (согуштан тарткан зыяндарды бүт бойдон же анын бир канча бөлүгүн жеңилген өлкө жеңген өлкөгө төлөй турган чыгымдар) төлөө, Ормуз аркылуу өткөн кемелерден акы алуу, Ливандагы "Хезболла" тобуна (АКШда террордук деп табылган) Израилдин соккуларын токтотуу, Тегеранга каршы санкцияларды жокко чыгаруу жана ракеталык программага тийишпөө тууралуу талаптар бар.
Түркия, Мисир жана Пакистандын өкүлдөрүнөн турган ортомчулар алдыдагы 48 саат аралыгында АКШ менен Ирандын расмийлеринин жолугушуусуна жетишүүгө аракеттенүүдө, тараптар азырынча буга көнө электигин The Wall Street Journal маалымдады.
28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштагандан бери болжол менен 1300 адам мерт болгону кабарланган. Алардын арасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да бар. Натыйжада аймакта кырдаал курчуп кеткен.
Иран жооп катары Израилге, Иорданияга, Иракка жана АКШнын Перс булуңундагы аскер объектилери жайгашкан өлкөлөргө дрон жана ракета менен чабуул коюп келет.
Израил Ирандан тышкары, Ливанда Иран колдогон "Хезболла" тобуна байланышы бар объектилерге сокку уруп жатат.
Иран ушул тушта дүйнөлүк мунайдын маанилүү бөлүгү өткөн Ормуз кысыгын дээрлик бөгөттөп турат. Мындан улам мунайдын дүйнөлүк баасы кымбаттады. Ушул тушта Перс булуңунда бир топ соода кемеси токтоп турат.