Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ош: Үйү сүрдүрүлгөн жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт

Ош шаарында турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарга акчалай кенемте төлөнбөйт. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, каражаттын ордуна жер тилкелери берилет.

«Биз жарандардын абалын жакшы түшүнүп жатабыз. Бирок ошол эле учурда бир ачуу чындыкты айтууга туура келет — аларга акчалай түрдө кенемте төлөп бере албайбыз. Учурда Министрлер кабинетине бир катар жерлерди трансформациялоо боюнча сунуш бердик. Башкача айтканда, маселени алмашуу жолу менен чечүүнү көздөп жатабыз. Тактап айтсам, турак жайы жана коммерциялык объектилери бузулган жарандарды карабай калтырбайбыз. Бирок бул үчүн бир аз убакыт талап кылынат», — деди шаар башчысы.

Калаа бийлиги мындан ары да жол тыгындарын азайтуу максатында жолдор кеңейтиле турганын белгилеп, буздуруу иштери улантыларын кошумчалады.

Шаар боюнча 1500дөн ашуун ар кандай имараттар сүрдүрүлгөн. Алардын 1000ден ашыгы турак үйлөр же короолор болсо, калганы коммерциялык объектилер.

Шаардын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин жаңы мэрден кенемте талап кылган жарандардын саны көбөйгөн. 24-мартта шаар бийлигине ондогон жарандар келип, кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин айрым юристтер шаар бийлиги жарандардын жеке менчигине карата мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөнүн айтып келишкен. Токторбаевдин тушунда шаардагы каналдардын жээктери тазаланып, жол боюндагы турак жайлар «кызыл сызыкка чыгып кеткен» деген негиз менен буздурулуп келген. (DSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus