CRD уюму кыргыз бийлигин Махабат Тажибек кызын толук актоого үндөдү
Баш кеңсеси Стокгольмдо жайгашкан Civil Rights Defenders уюму Кыргызстанда Махабат Тажибек кызын үй камагына чыгаруу тууралуу сот чечимин кубаттап, журналистти толук актоого чакырды.
“Civil Rights Defenders уюму Махабат Тажибек кызынын үйүнө кайтып, үй-бүлөсү жана өспүрүм уулу менен чогуу болушуна мүмкүнчүлүк берилгенин кубаттайт. Аталган уюм башка укук коргоо топтору менен бирге ал кармалган күндөн бери айтып келаткан чакырыгын кайталайт жана кыргыз бийлиги журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишмердиги үчүн өч алуу иретинде коюлган негизсиз айыптоолордун баарын токтотушу керек. Махабат Тажибек кызы толук акталып, реабилитацияланышы зарыл”, - деп айтылат уюмдун сайтына жарыяланган билдирүүдө.
23-мартта Бишкектин Ленин райондук соту жаңы ачылган жагдайлардын негизинде Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын ишин карап, аны эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан бошоткон. Алты жылга эркинен ажыратылган Тажибек кызы Чүй облусунун Степное айылындагы №2 аялдар колониясында эки жылдан бери отурду.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылдын январда Ички иштер министрлиги кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Жогорку сот быйыл 10-мартта Тажибек кызына карата мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөткөн.
Махабат Тажибек кызы - Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан мажбурлап чыгарып жиберилен иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулунун апасы. Учурда бала таенесинин колунда.
Civil Rights Defenders (Жарандык укуктарды коргоо уюму) 1982-жылы негизделген жана дүйнө жүзүндө жарандык жана саясий укуктарды коргоо багытында иш алып барат.