Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов "УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын" айтып чыкты
“Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 15-мартта жазган билдирүүсү социалдык тармактарга 22-мартта тарай баштады. Анын жакындары билдирүү жарыяланган аккаунт Абдыкеримовдун өзүнө тиешелүү экенин ырасташты.
Анда Абдыкеримов ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков анын бизнесине “террордук чабуул жасаганын” жазган.
Анын белгилешинче, бул иштер атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жетекчилигинде болгон.
Абдыкеримов бул окуялардан кийин беш жолу операция болгонун, инсульт алганы жана жүрөк оорусу тууралуу жазган.
“Отуз жылдын ичинде эбегейсиз зор холдинг Компания кантип өсүп, кантип миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылды? Анан эле үч жылга жетпеген убакыт ичинде бүт баары кантип талкаланып жок болду? Мунун баары менин жашоомдогу эч качан эстен кеткис окуяларым”.
Ал учурда Лондондо экенин билдирүүлөрүндө да белгилеген жана муну анын жакындары да “Азаттыкка” ырастады.
УКМК былтыр сентябрда “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген.
Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган.
Өткөрүлгөн мүлктөрдүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон ашык акчага бааланган “АЮ Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар бар.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.
“АЮ Холдинг” мындан 20 жылдан ашык мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкерине өкүм чыгарган.
Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, издөө жарыяланган.
Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти. Ал саясатчы, мурдагы депутат Канатбек Исаев менен чогуу “Кыргызстан” партиясын түптөгөн.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Абдыкеримовдун билдирүүлөрүнө бийлик тараптан комментарий бериле элек.