Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

КазТАГ агенттигинин башкы директору Асет Матаева эки айга камалды

Казакстандын Алматы шаарындагы сот КазТАГ маалымат агенттигинин башкы директору Асет Матаевди эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Рена Керимово билдирди.
Анын сөзүнө караганда, судья тергөө абагынын жетекчилигин журналистке керектүү медициналык жардам көрсөтүүгө, керек болсо ооруканага жаткырууга милдеттендирди.
Матаевге 18-мартта "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык полиция департаменти 18-мартка караган түнү Медеу районунда төрт эркектин катышуусунда жаңжал чыккан, аларжын алардын экөө мас абалда болгонун, журналист ушул окуянын негизинде камалганын кабарлаган.
Матаевдин жактоочусунун айтымында, ал урушкан тараптарды арачалаган жана ошол маалда башынан катуу жараат алган. Полиция бул маалыматтарды жокко чыгарган.
Сөз эркиндигин коргоо боюнча "Әділ сөз" эл аралык фонду бул окуянын акыйкат иликтөөгө чакырган
Буга чейин Матаев менен КазТАГ агенттигинин башкы редактору Амир Касенов миллиардер Тимур Турловго таандык Freedom Finance брокердик компаниясынын арызынын негизинде козголгон иш боюнча шектүү катары өтүп жаткан. Журналисттерге "атайылап жалган маалымат таратуу" беренеси менен айып коюлган.
Ага чейин бул сайтка аталган компаниядагы көз боемочулук схемалар тууралуу материал жарыяланган жана анда жетекчилеринин аты аталган.

Тимур Турлов Орусияда туулган, кийин казак жарандыгын алган ишкер.

Жазында бир катар казакстандык жарандар Freedom finance компаниясынын кызматкерлеринин айынан жабыркап, чыгымга учурашканын айтып чыгышкан. КазТаг буга байланыштуу материал даярдаган жана бир катар кайрылууларга карабай бул компания жооп бербегенин билдирген.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus