Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт "Бишкек Аренанын" айланасына бийик кабаттуу имарат курууга тыюу салды

Министрлер кабинети Бишкектин Ленин районунда курулуп жаткан футбол стадионунун айланасында үч кабаттан бийик имараттарга тыюу салды.

Өкмөттүн №120 токтомуна ылайык, мындай чечим стратегиялык объекттин коопсуздугун камсыздоо, анын иштөө жана пайдалануу режимин орнотуу максатында кабыл алынды.

Курулуп жаткан футбол стадионунан 500 метр радиуста, аталган токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерден тышкары, жердин деңгээлинен 20 метрден (3 кабат) бийик имараттарды долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого жана башкача өзгөртүүлөргө жол берилбейт.

Токтом "Эркин-Тоо" гезитинин 23-февралда чыккан №13 санына жарыяланып, жети күндөн кийин күчүнө кирген.

Айрым медиа каражаттар бул талаптар төмөнкү объекттерге колдонулбай турганын жазышты. Алар:

Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин курулуп жаткан административдик имараты (6 кабат, Бишкек шаары, Селекция көчөсү, № 1в тилкеси)Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин курулуп жаткан административдик имараты (6 кабат, Бишкек шаары, Селекция көчөсү, № 1в тилкеси)Жайыл баатыр жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак (Айлануучу тегирмендин бийиктиги 53 метр, Бишкек шаары, Алтын Бешик көчөсү, 77/5)Курулуп жаткан спорттук-реабилитациялык борбор (4 кабат, Бишкек шаары, № 21 контур)Курулуп жаткан футбол комплекси, (3 кабат, Бишкек шаары, № 21, 25 контурлары)Былтыр Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадиондун аталышы "Бишкек Арена" деп өзгөртүлгөн. Ага чейин стадион “Азаттык арена” деп атала турганын президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирген.

Жаңы стадиондун курулушуна президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда капсула салган. Ал үчүн Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнгөн. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Бир жылдан кийин орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.

Кеңейтилген долбоорго ылайык, стадион 51 миң орундуу болот деп мерчемделген. Курулуш өзүн актап, киреше таап туруусу үчүн анын курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер кошулган. Анда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары кабарланган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (ST)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus