Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран Израилдеги мунай өндүрүүчү заводго сокку урду

Иран бейшембиде Израилдин түндүгүндөгү Хайфадагы мунай иштетүүчү заводго сокку урду. Израилдин медиасы жана күбөлөр заводдун аймагында өрт чыкканын, Хайфада жарык берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Соңку маалыматтарда, бийлик өкүлдөрү азыраак зыян келгенин жана жабыркагандар жоктугун билдиришкен. Заводдун аймагына атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктары кулаганы кабарланды.

18-мартта Израил АКШ менен биргеликте Ирандын газ инфраструктурасына, анын ичинде Түштүк Парс (South Pars) кенине сокку урган. Иран жооп иретинде аймактагы өлкөлөрдүн энергетикалык объектилерине, анын ичинде Катар менен Сауд Арабиясын бутага алган.

Иран 18-марттын кечинде жана эртеси таңда Катардагы Рас-Лаффан өнөр жай комплексине чабуул койгон. Бул комплексти мамлекеттик QatarEnergy компаниясы башкарат. Катардын Коргоо министрлигинин маалыматында, ирандык аскерлер өнөр жай борборуна баллистикалык ракеталарды учурган.

QatarEnergy компаниясы 18-марттагы ракеталык чабуул Pearl GTL заводун "олуттуу деңгээлде зыянга учуратканын" билдирди. 19-марттын таңында суюлтулган газды өндүргөн бир катар заводдор дагы соккуга кабылып, өрт чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

Reuters агенттиги QatarEnergy компаниясынын башчысына шилтеме берип, Ирандын соккулары Катардагы суюлтулган газ экспортунун жалпы кубаттуулугунун 17% иштен чыгарганын билдирди. Бул жылына 20 миллиард долларга чейин жоготууга алып келип, Европага жана Азияга газ жеткирүүлөрдү үзгүлтүккө учуратат.

"Катар Орозо айында бир тууган мусулман өлкөнүн мындай чабуулуна кабылары үч уктасам түшүмө кирген эмес", - деди QatarEnergy компаниясынын жетекчиси Саад аль-Кааби.

Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман аль-Тани Иран соккулары менен Тегеран аймактагы америкалык объектилерди гана эмес, башка өлкөлөрдү да мээлеп жатканын көрсөткөнүн айтты.

Акыркы суткадагы окуялар дүйнөлүк базарда энергия жеткирүүнүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келди.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Тегеранды эгер Катарга кайрадан сокку урса, кесепети болорун эскерткен.

"АКШ Түштүк Парс газ кенине жасалган сокку тууралуу эч нерсе билген эмес, Катардын бул окуяга тиешеси жок жана мындай нерсе болорун күткөн эмес", - деген Трамп.

Эгер Иран Катарга кайра кол салса, АКШ Израилдин жардамы менен "Түштүк Парс кенин Иран мурда кийин көрбөгөн күч иштен чыгарат", - деп жазган Трамп. Израил дагы мындан ары Түштүк Парска сокку урбашы керек экенин белгилеген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бейшембинин кечинде сүйлөп жатып, Трамп андан Ирандын энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарды токтотууну өтүнгөнүн ырастады. Нетаньяхунун айтымында, Израил бул өтүнүчтү аткарган. Ал соккулар Иранды уран байытуу жана баллистикалык ракеталарды өндүрүү дараметин алсыратканын айткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus