Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Грузияны виза үчүн күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти туристтик жана ишкердик визаларды (B1/B2) алуу үчүн арыз бергенде күрөө төлөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесине дагы 12 мамлекетти кошту. Алардын арасында Грузия, Монголия, Камбоджа, Эфиопия, Гренада, Лесото, Маврикий, Никарагуа, Папуа–Жаңы Гвинея, Сейшел аралдары жана Тунис бар.

Бул өлкөлөрдүн жарандары виза алуу үчүн 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек. АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, эгерде виза алган адам өз убагында мекенине кайтып келсе же сапардан баш тартса, бул сумма кайтарылып берилет.

АКШ мындай визалык күрөө программасын 2025-жылдын август айында ишке киргизген. Азыр тизмеде жалпысынан 50 өлкө бар. Буга чейин ага Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Куба, Венесуэла, Танзания, Алжир жана башка мамлекеттер киргизилген.

Кошмо Шттаттардын бийлигинин эсебинде, бул тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандары өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калып калган учурлары көп болгон.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, программа буга чейин өз натыйжалуулугун көрсөткөн. Аны ишке киргизгенден бери миңге жакын чет өлкөлүк жаран виза алып, алардын 97% өз убагында мекенине кайтып келген. Ошондой эле бул программа АКШ бюджети үчүн үнөмдүү болуп жатканы айтылат. Анткени ар бир адамды депортациялоо 18 миң доллардан ашык чыгым талап кылат.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги жарандар визалык эрежелерди сактаса, бул маселе боюнча АКШ менен мындан аркы кызматташтыкты улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus