БШК: Ормонов, Калбердиева, Мурзакимова жана Чойбеков ЖК депутаты болушту
Борбордук шайлоо комиссиясы 18-марттагы жыйынында №10 шайлоо округунан Курманкул Зулушевдин ордуна талапкер Улукбек Ормоновго жана №11 шайлоо округу боюнча Шаирбек Ташиевдин ордуна Мавлюда Калбердиевага Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды. Ушул эле күнү №17 шайлоо округу боюнча Нурланбек Азыгалиевдин ордуна Бактыбек Чойбеков жана №29 шайлоо округунан Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна Алтынкүл Мурзакимова депутаттык мандат алышты.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров Бишкектеги №21 шайлоо округу боюнча тактай турган жагдайлар бар экенин белгилеп, ал өзүнчө караларын айтты. Аталган округдан Конгантиевдин ордуна кийинки көп добуш алган талапкер Чыңгыз Айдарбеков келиши керек.
Бул округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты өзү жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалган.
9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Мүлктү апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.
“Азаттык” 10-мартта бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чаларын айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Анын адвокаты же жакындары козголгон кылмыш иши тууралуу үн ката элек.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. (КЕ)