Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ТИМ "Азаттыктын" Түркияда кулчулукка кабылган каарманына паспорт алуусуна жардам берилерин билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда узак убакыт оор акыбалда жашап келген кыргызстандык кыз С.Макамбетовага паспорт алуусуна жардам берилерин билдирди.

Түркияга секелек кезинде алданып барып, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен, документи жок жашап жүргөн С.Макамбетова тууралуу 17-мартта "Азаттык" Түркиянын Агры шаарынан баяндама тартып, көрсөткөн.

ТИМ 18-мартта билдиргенине караганда, Макамбетованын жарандык паспортун алуу боюнча кайрылуусун Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу карап жатат.

Маалыматка ылайык, Макамбетова өздүгүн күбөлөндүрүүчү документи жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын паспортун да алган эмес, натыйжада мамлекеттик маалыматтык тутумдарда анын каттоосу жана кыргыз жарандыгына таандыгы тууралуу да маалыматтар жок. Ошондуктан жарандыкты аныктоо үчүн тиешелүү жол-жобосун жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.

"Ушуга байланыштуу арыз ээсине зарыл болгон документтердин тизмеси жөнөтүлгөн. Талап кылынган документтер толук көлөмдө чет өлкөлүк мекеменин дарегине түшө элек", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Тышкы саясат мекемеси Макамбетова узак убакыттан бери Түркияда жашап келгендиктен аталган өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары менен чогуу бардык жагдайларды тактап жатканын кошумчалады.

Маалыматта ошондой эле кыргызстандык кызга мыйзам алкагында көмөк көрсөтүү үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

"Азаттыктын" 14 жылдан бери Түркиядан кыргыз паспорту жок чыга албай жашап келаткан 28 жаштагы келин тууралуу тасмасында ал 14 жашында бул өлкөгө алданып келип, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткенин, кийин качып чыгып, Түркиядагы кризистик борбордо бойго жеткенче жашаганын айтып берген. Азыр ал Түркиянын чыгышында - Иран менен чектеш тилкедеги Агры шаарында жашайт. Видеодо ал бир нече ирет Түркиядагы Кыргызстандын консулдугуна жардам сурап кайрылып, бирок документ ала албай жатканын айткан.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus