Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран "Басиж" түзүмүнүн командачысы Голамреза Сулеймани каза болгонун ырастады

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу ыктыярчылардын "Басиж" аскерлештирилген түзүмүнүн башчысы Голамреза Сулейманинин өлүмүн тастыктады, билдирүүнү сакчылар корпусуна жакын ирандык Fars жана Tasnim агенттиктери жазды.

Израил армиясы Сулеймани мерт кеткенин 17-мартта билдирген.

"Басиж" – Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун курамындагы жарым-жартылай аскерлешкен ыктыярдуу түзүм. Ал Ислам революциясы жеңгенден кийин режимди коргоо максатында түзүлгөн. "Басиж" жалпы өлкө боюнча кеңири тармактар аркылуу иштейт жана ички коопсуздук, идеологиялык көзөмөл жана мобилизациялык резерв функцияларын аткарат. Түзүмдүн функцияларынын ичинде Ирандагы өкмөткө каршы нааразычылык акцияларын басуу дагы бар.

Андан тышкары Израилдин коргоо министри Исраэл Кац "Ирандын иш жүзүндөгү лидери" - Ирандын коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Али Ларижани набыт болгонун билдирген. Британиялык The Guardian басылмасынын журналисттери эгер Ларижани өлгөнү тууралуу маалыматтар ырасталса, ал 28-февралда өзүнүн резиденциясында өлтүрүлгөн Ирандын аятолласы Али Хаменеиден кийинки жок кылынган жогорку деңгээлдеги аткаминер болорун жазышты.
Reuters маалымдагандай, Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи АКШ менен ок атышууну токтотуу сунушун четке какты. Агенттик жазганына караганда, Вашингтондун согушту токтотуу тууралуу сунушу Тегеранга эки арачы өлкө аркылуу берилген. Хаменеи азыр "АКШ менен Израил утулганын мойнуна алып, кенемте төлөп бермейинче тынчтык орнобошун" айтканы кабарланды.

Атасынын өлүмүнөн кийин жогорку лидерликке келген Можтаба Хаменеи ачык чыга элек. Анын алгачкы сөзүн мамлекеттик телеканалдардын дикторлору окуп беришкен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus