Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Медиа аракет платформасы" Кыргызстан бийлигин ЖМК жана коомчулук менен диалогду жандантууга үндөдү

Кыргызстандын "Медиа аракет платформасы" мамлекет, коом жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ортосундагы ачык диалогду жандантууга чакырып 17-мартта кайрылуу таратты.

Активисттер өлкөдөгү акыркы окуялар коомдук-саясий атмосферанын акырындык менен нормалдашып баратканын айтууга мүмкүнчүлүк берип, мамлекет, коом жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын ортосундагы ачык жана конструктивдүү диалогдун өнүгүшүнө үмүт берет деп белгилешет.

"Жогорку соттун журналист жана Темиров LIVE долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү чечимин, ошондой эле акын Аскат Жетиген уулунун айып камерадан бошотулушун коомчулук жана ЖМК мамлекеттин жарандык коом менен мамилесин кайра карап чыгуу белгилери катары кабылдоодо. Медиа аракет платформасы бул учурду көз карандысыз ЖМКнын, жарандык коомдун жана мамлекеттик институттардын өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролу тууралуу кеңири жана системалуу диалог баштоо үчүн пайдаланууга маанилүү деп эсептейт", - деп жазылган анда.

Кайрылууда ошондой эле эркин кесипкөй медиалар мамлекетке коркунуч келтирбеси белгиленген:
"Тескерисинче, көз карандысыз журналистика коомдук көзөмөл жүргүзүүдө маанилүү ролду ойнойт, бул бийликти кыянаттык менен пайдаланууну, коррупциялык тобокелдиктерди жана айрым жетекчилердин башкаруудагы катачылыктарын өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет. Көптөгөн өлкөлөрдө дал ушул ачык медиа чөйрөсү мамлекетке көйгөйлөрдү алдын алууга жардам берет жана мамлекеттик институттарга коомчулуктун ишенимин бекемдейт".

Кайрылуу ээлери ошондой эле Кыргызстан көп жылдар бою Борбор Азиядагы коому ачык жана медиасы эркин өлкө катары кабыл алынып келгенин, бул репутацияны бекемдөө ички туруктуулук менен жарандардын бийликке ишеними үчүн гана эмес, өлкөнүн эл аралык имижи үчүн да - инвестициялык жана кызматташтык мамилелерге да маанилүү экенин белгилешти.
26-февралда Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жасашкан.
Алар акыркы жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана башка беренелер боюнча козголгон иштер көбөйгөнүн белгилешкен. Ошондой эле коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турганы айтылган.

Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги жана демократия бар деген пикирин улам кайталап келет. 29-январда “Кабар” маалымат агенттигине курган кыска маегинде да Кыргызстанда жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин эле билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын билдирген.
Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан кийин бир катар ишкерлер буга чейин атайын кызматтын басымына кабылганын айтып чыгышкан.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus