Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көкбөрү: Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш башталды

Көкбөрү боюнча республикалык Нооруз-2026 мелдеши Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 15-мартта башталды. Көкбөрү федерациясынын сайтындагы маалыматка таянсак, турнирге 24 команда катышып, учурда Жогорку жана Биринчи лиганын тайпалык оюндары өтүп жатат. Мелдеш 21-мартка чейин уланып, бул күнү финалдык беттештер болот.

Жогорку лигада

А тайпасында Ысык-Көл, Сары-Өзөн, Намыс,

В тайпасында Мурас, Талас Алтын-Альянс, Достук,

С тайпасында Суусамыр, Жылуу-Булак, Шахтёр,

D тайпасында Казарман, Ичке-Суу жана Ынтымак командалары ойнойт.

Биринчи лигада

А тайпасында Учкун, Алдаяр, Эр Намыс,

В тайпасында Көл-Төр, Байтик, Бакайыр,

С тайпасында Ак-Суу, Соң-Көл, Бийиктик,

D тайпасында Арашан Биримдик, Кемин, Кегети командалары бөлүнгөн.

Ноорузга арналган көкбөрү боюнча мелдеш Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында дагы болот. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын чечимине ылайык өтө турган мелдешке 12 команда катталган. Алар: Жаңы муун, Кара-Кулжа, Кара-Кулжа жаштары, Салам-Алик, Өзгөн ынтымагы, Кара-Суу, Араван, Жазы, Кызыл-Тоо, Алай, Сузак, Ийри-Суу командалары. Оюндар 17-март күнү башталууда.

Нооруз майрамына карата уюштурулган республикалык мелдеш улуттук спортту өнүктүрүү жана күйөрмандарга кызыктуу оюндарды тартуулоо максатын көздөйт. (ECh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus