Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Евробиримдик Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө камданууда

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 16-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде жолугуп, Иранга каршы жаңы санкцияларды бекитүүгө камданып жатышат.

Санкциялык тизмеге 16 адам жана үч уюм киргени турат. Евробиримдиктин эсебинде, алардын баары Иранда быйыл нааразылык акцияларын күч менен басууда адам укуктарын бузууга катышкан.

Жаңы санкциялар боюнча айрым адамдардын активдери камакка алынып, аларга Еврошаркетке мүчө өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынат.

Санкция тизмесине Ирандагы бардык түрмөлөрдү көзөмөлдөгөн жетекчи Голам Али Мохаммади да кирген. Ошондой эле “алдын алуу полициясы” деп аталган бөлүмдүн башчысы Мохаммад Моазами Гударзи да тизмеге кошулган. Бул бөлүм коомдук тартипти көзөмөлдөө жана кылмыштын алдын алуу менен алектенет.

Мындан тышкары, Чоң Тегеран (баш калаа Тегеранга жакын жайгашкан аймак) аймагындагы киберполициянын жетекчиси Давуд Моазами Гударзи да санкцияга илиниши мүмкүн. Маалыматтарга караганда, ал бийликти сындагандарды жана оппозиция өкүлдөрүн, ошондой эле коомдогу катаал эрежелерге баш ийбеген маданият өкүлдөрүн, анын ичинде аял артисттерди да көзөмөлдөөгө катышкан.

Евробиримдик санкция киргизе турган уюмдардын бири Emennet Pasargad кибертобу. Ал француздардын "Шарли Ебдо" (Charlie Hebdo) журналынын окурмандары тууралуу маалымат базасын бузуп алып, аны “интернеттеги кара базарда” сатууга аракет кылган деп айыпталууда. Ошондой эле бул топ 2024-жылы Париж шаарында өткөн жайкы Олимпиада маалында жарнама билборддорун бутага алган деп айтылууда.

"Кара" тизмеге Naji Research and Development Company уюму да кириши мүмкүн. Бул компания Nazer аттуу мобилдик тиркемени иштеп чыккан. Ал тиркемени Иранда тартип коргоо органдары жарандарды көзөмөлдөө үчүн колдонот.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus