Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нарында билим берүү башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери мектеп, бала бакча директорлорунан акча талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 16-мартта кабарлагандай, УКМК Нарын шаарындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен акча талап кылуу жана мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктаган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, шаардагы мектеп, бала бакча директорлорунун ар биринен 4000-5000 сом мыйзамсыз түрдө акча талап кылышкан. Чогултулган акча финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн Эсеп палатасынын текшерүүчү инспекторуна берилет деп айтылган.
Коопсуздук кызматы бул ишке тиешеси бар адамдардын иш бөлмөлөрүн тинтүү учурунда 68 000 сом өлчөмүндөгү накталай акча, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 мектеп, бала бакчалардын жетекчилеринин тизмеси, каражаттардын которулушу жөнүндө белги коюлган жазууну аныктаган.
12-март күнү Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен тергөө учурунда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын билдирди.
УКМК Кыргызстанда акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөштөн мал-мүлк, каражат түрүндө мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд доллар) кайтарылганын билдирген.

Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus