Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орунбеков быйыл 20 миң үй-бүлө ипотека менен батир аларын айтты

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 2026-жылы Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган үйлөрдөн 20 миң үй-бүлөгө батир берилерин билдирди.
Ал Фейсбуктагы баракчасында бул президент Садыр Жапаровдун турак жай маселесин чечүү саясатынын негизинде жүрүп жатканын белгиледи.

"Быйыл жыл соңуна чейин 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктап, жарандарга берилери күтүлүүдө. Бул 20 миң үй-бүлө турак жай менен камсыз болот дегенди билдирет. Эгер бир үй-бүлөдө орточо 3–4 адам болсо, анда 60 миңден ашык жаран жаңы үйгө ээ болот. Бул көрсөткүчтү айрым райондордун калкынын саны менен салыштырууга болот", - деп жазды Орунбеков.

2026-жылы республика боюнча 20 021 батирди пайдаланууга берүү көздөлүп жатканын мамлекет башчы Садыр Жапаров да жыл жаңыргандан кийин "Кабар" агенттигине курган маегинде маалымдаган. Президенттин маалыматы боюнча былтыркы жылы Кыргызстанда 4662, 2024-жылы 1 197 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.

МИКтин сайтындагы маалыматка караганда жалпы 13 миң үй-бүлө батир алган, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашуун.

МИКтин учурдагы уставдык капиталы 2 млрд доллар. Компанияга быйыл Улуттук банктын 400 млн таза кирешеси да берилгенин президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө айткан.

МИКтин директорунун орун басары Нурлан Кудайкуловдун маалыматына караганда, турак жайлардын курулушу бир чарчы метрине Бишкекте 59 миң 140, аймактарда 64 миң 800 сом деп эсептелген, ал эми сатылышы 900-1400 доллар.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus