Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Орунтаев Ошто отуздай объект тийиштүү документи жок курулуп жатканын билдирди

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен чогуу 14-мартта калаада көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушту.

Аймактагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, жолугушууда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып келишкенин, цемент, кыш жана башка материал чыгаруучу заводдордо миллиондогон сом карызы бар экенин айтышты.

Жыйындан кийин министр менен мэр шаардагы айрым курулуш объекттериндеги иштин жүрүшү менен таанышты. Калаанын батыш тарабындагы Гапар Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма жолго салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышып, ишкердин арызын угушту. Ишкердин сөзүнө караганда, эстакадалык көпүрөнүн курулушу үчүн мамлекет акча берген эмес, буга чейинки курулушка сарпталган карыз акчанын көлөмү 200 млн сомдон ашып кеткен.

Министр Орунтаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Ош шаарындагы курулуштардын абалы менен таанышуу үчүн президенттин тапшырмасы менен келгенин, 14-мартта карап чыккан отуз чакты объекттин биринин да тийиштүү документи, келишимдери жок экени аныкталганын айтты:

"Ишкерлердин акчасы берилген эмес, курулуштардын көпчүлүгү токтоп калган, темпи басаңдап кеткен. Айрым ишкерлер жумушун токтотпош үчүн өз акчасын сарптап жатышыптыр. Отуздан ашык курулуш объекттеринин биринде да долбоордук-сметалык документтер жок, подрядчы компаниялар менен келишимдер түзүлгөн эмес. Мунун бардыгы оозеки түрүндө башталган жумуштар экени анык болду".

Орунтаев бул акыбал тууралуу маалымат жетекчилерге жеткирилерин, ошонун жыйынтыгына жараша чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Буга чейин Ош мэриясынын курулуш компанияларына карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалымат чыгып, аны мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев четке каккан. 9-мартта “Азаттыкка” курган маегинде ал Оштун карызы баш-аягы 2 млрд 200 млн сомдун айланасында экенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган. Анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus