Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Буффет" ашканасындагы уулануу эскирген пюреден болушу ыктымал экени айтылды

Бишкекте 20 адам тамагынан ууланган "Буффет" ашканасына жүргүзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык иликтөөнүн баштапкы жыйынтыктарына ылайык, жапырт ууланууга картөшкө пюреси себеп болушу ыктымал.

Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн адис кызматкери Гүлзат Асанакунова 1-радиого курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, тамактан ууланып, ооруканага кайрылгандардын дээрлик баары картөшкөдөн жасалган пюре жешкен. Эрежеге ылайык, бул пюре эки саат сайын алмаштырылып турууга тийиш:

"Бизге кайрылган үй-бүлөнүн балдары атасы менен чогуу аталган ашканага барышкан. Атасы манты жеген, балдары картөшкө пюре кошулган тамак жешкен. Натыйжада балдары ууланышкан, атасы жабыркаган эмес. Биз баарыбыз картөшкөдөн жасалган пюре кооптуу эмес деп ойлойбуз. Бирок эпидемиологиялык иликтөөлөр көрсөткөндөй, анын курамындагы каймак май, сүт мөөнөт өткөндөн кийин микроорганизмдери алмашып, ууланууга алып келиши толук ыктымал", - деди Асанакунова.

Адис ошондой эле уулануу катталган "Буффет" ашканасынын филиалына чукул текшерүү болгондо айрым даяр тамактарды сактоо жол-жоболору бузулганы аныкталганын кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, уулануу "Буффет" ашканасында 8-март күнү болгон, алгачкы симптомдор менен бейтаптар 9-мартта кайрыла башташкан. 10-март күнү уулануу катталган ашкана аныкталып, чукул текшерүү болгон. Уулануу катталган филиалы - Байтик баатыр 18 дарегиндеги ашкана окуянын себеби толук аныкталып, такталганча жабылды. Тамактануучу жайда дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө. Ашканада иштеген бардык кызматкерлер да толук кароодон өткөрүлгөн.

Бишкекте "Буффет" ашканасынан тамактанган соң ууланганын айтып, ооруканага кайрылган адамдардын саны жыйырмага жеткени, бир киши оор абалда Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жүргүзгөн териштирүүнүн натыйжасында бейтаптар "Буффет" ашканасында тамактанган соң өзүн жаман сезишкени маалым болгон. Санэпидем кызматы 11-марттан тартып Байтик баатыр 18 дарегиндеги "Буффет" ашканасы убактылуу жабылганын, компанияга 23 миң сом айып пул салынганын билдирген.

Санэпид кызматынын маалыматына караганда, 2025-жылы адамдар коомдук тамактануучу жайлардан ууланган 159 окуя катталган. Жыл башынан бери эки жапырт уулануу болду. Буга чейин январдын ортосунда Бишкекте “Даамдуу” деп аталган тез татым жайынан тамактан ууланып 23 адам ооруканага кайрылган.(ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus